15/12/2022
Жүрөгүмдөн түнөк таап баратасың...
Бирок сени терең түшүнө албадым.Ал тургай түзүгүрөөк сүйлөшө да албадым. Ошондуктан, кандай жан экениңди билбейм. Бирок, негедир, дилимде аярлап багып, терең сыйлайм, урматтайм. Жакшы жан экениңди жүрөгүм сезет...
Сага күлгөн бөтөнчө жарашат. Жарк деп түн жарылып, күн чыккандай жылмаясың. “Жылмаюу да - садага” - дейт го. Мөлтүр булактай таза күлкүң менен жан дүйнөмө кубаныч тартуулап жүрө бер...