ajara_askarova_051

ajara_askarova_051 Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from ajara_askarova_051, Art, Frunze.

 ...2001-жыл. Кычыраган ызгаар кыш🌬❄. Февралдын тогузу Алтынай төрөтканага жеткирилген. Азыр толгоонун азабын тартып,жан...
16/03/2020

...
2001-жыл. Кычыраган ызгаар кыш🌬❄. Февралдын тогузу Алтынай төрөтканага жеткирилген. Азыр толгоонун азабын тартып,жаны көзүнө көрүнүп,кылаарга айла таппай, ары-бери максатсыз басат. Ооруканага жеткирилген 3 күн жашоосунун эң ачуу, эң каардуу күндөрү болду. Ары-бери басып, келме келтиргендей алда эмнелерди ичинен шыбырап, Кудайлап сүйлөнөт. Ал ушундай кыйналып жатканда, шамал,бороон-чапкын🌪 күчөдү,шабыр-шубур этип, терезеден тырманып жатты. Көз ачырбай жааган кардан🌨 көчөдө бирөө жарым жок. Аба-ырайы Алтынайдын ахыбалын сезгендей бүгүн тынч эмес...
Демейде, ар нерсеге кайраты бек Алтынай бул жолу канчалык чымырканса да оорусуна чыдай алчудай эмес. Эртең менен врач-акушер келип, "Буйруса, эртең төрөйсүз"деп кеткен. Ошондо эле оорусу күч эле. 11-ФЕВРАЛЬ⚜. Азыр саат түнкү төрттөр чамасы. Бир күнү жүз күнгө татып,таңдын атмагы тозок болуп, чыкылдаган сааттын жебесин карап, демин сыртка чыгарып, бир турат,бир жатат. Таң атаары менен доктурлар келип, Алтынайдын абалын көрүп, мед.айымдарга "Даярдана бергиле, толгоо күчөдү,бүгүн төрөйт "дешти. Алтынайдын мууну калтырап, коркуп чыкты. Аны мед.айымдар коркунучтуу сезилген узун коридордон сүйрөп кетип баратышты....
Алтынайдын оозу кургап, ичинин ооруганынан беш бүгүлүп, беш жазылып,бир ыйлап, бир токтоп,бирде бошоп, бирде чымырканып,күч топтоп өлүм менен өмүр ортосунда күрөшүп жатып, бир жанды жарык дүйнөгө алып келди. Кызыл эт немени арыдан-бери орончуга ороп, Алтынайдын көкүрөгүнө жаткырышты. Алтынай сүйлөөгө алы келбей, оозун араң кыбыратып "Ким экен?!"деди.
-Кыздуу болдуңуз -дешти. Алтынай муну укканда өксүп-өксүп,жаш балача,шолоктоп,өпкөсү көөп көпкө ыйлады.
-Эмнеге ыйлайсыз? Жакшынакай кыздуу болдуңуз. Аман-эсен төрөдүңүз. Же эркек бала болбой калды деп ыйлап жатасызбы? деди ары жактагы мед.айым.
А бирок аныгында Алтынай "Кызым, кийин убагы келсе, өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөшүп, мендей жаны жанчылып, мендей кыйналып төрөйбү?!!!"-деп кызын аяп ыйлап жаткан эле. Наристесин аяп, эне жүрөгү ыйлады эле. Муну эч ким туйган жок. Эне жүрөгү эмне ойлоп жатканын, эч ким сезген жок.
-Кызым, көздүү мончогум...Жаным,кызым деп жытын искеп, жаны жай ала түштү....
❤ @ Я родился

 #Өзүңдү карап жүрчү...Керексиң мага деле...Ордуңа мен үшүйүн кайылмын ага деле...   #поэзия  #жандүйнө  #калемтамтамчыл...
03/03/2020

#Өзүңдү карап жүрчү...
Керексиң мага деле...
Ордуңа мен үшүйүн кайылмын ага деле...
#поэзия #жандүйнө #калемтамтамчылары #калемтамтамчылары

 #Мен сагындым....Бапаков көчөсүн. Ошол көчөдө он биринчи жайгашкан, ээң бир соонун куттуу үйүмдү. Менин үйүмдү. Ошол үй...
27/02/2020

#Мен сагындым....
Бапаков көчөсүн. Ошол көчөдө он биринчи жайгашкан, ээң бир соонун куттуу үйүмдү. Менин үйүмдү. Ошол үйдөгү атамды, апамды,бир туугандарымды. Алардын күлкүсүн. Мени сүйүү толгон көздөрү менен карагандарын. Апамдын нанын...жытын....Чоң апамдын көзүмдүн кереги менен тең айланып, эркелеткенин, кичинекей балага жалынгандай,жалынганын, берген батасын...Ошол үйдүн ашканасын сагындым...Ошол үйдөгү чогуу отуруп, сүйлөшүүнү сагындым...Тамактануу учурунда, тамак ичпей,силерге сүйлөп берип жаткан учурду сагындым. Ал ортодо атам апамды(мамамды) тамашалап, атамдын мага көз кысып койгонун сагындым...Атамдын мага болушканын, апамдын урушканын аябай аябай сагындым💖
"Эже,сага таайындым" деп аркаман калбай,чуркап жүргөн Айшамды сагындым❤
P.S "Сен жок, сүйлөгөн эч ким жок,тыыыптынч,кулак-мурун кескендей отуруп,чай ичип калдык"- ©️Мамам💕

Сиздер үчүн жөн гана...А мен үчүн баалуу💎❤   #арчабешик #матисаков  #устат👑 @ Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
25/02/2020

Сиздер үчүн жөн гана...А мен үчүн баалуу💎❤
#арчабешик #матисаков #устат👑 @ Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan

 #Саламат жүрөсүңбү? Менин жарым, сүйүүм,балдарымдын атасы🥰...Сенин ким экениңди ,кайда жүргөнүңду мен билбейм. Сен да б...
20/02/2020

#Саламат жүрөсүңбү?
Менин жарым, сүйүүм,балдарымдын атасы🥰...Сенин ким экениңди ,кайда жүргөнүңду мен билбейм. Сен да билбейсиң, балким мага көз салып жүргөндүрсүң же болбосо өмүрүбүздө бир да жолу жүз көрүшкөн эместирбиз. Балким Оштосуң, Нарындасың, Көлдөсуң, балким Кеминдесиң, балким мен окуган университеттесиң, айтор белгисиз. Мен билем! Сен мен кыялданган жигиттиң💑. Эң башкысы түшүнүктүүсуң. Сен менин кызыкчылыгымды, ЖУРНАЛИСТ кесибимди түшүнгөн инсан болосуң. А эгер андай болбосо, жолубуз эки башка болмок да!!! Бирок,билгиниң🌈...Мен да сени ошончо сыйлап, ошончо сүйүп, ошончо жакшы жубай ,ата-энеңе мыкты келин болуп берем. Сөз берем!!! #сүйүү 😁👑

Жалган жашоонун бир күнү жай баракат баратат десек, калп айткан болобуз....
02/02/2020

Жалган жашоонун бир күнү жай баракат баратат десек, калп айткан болобуз....

08/01/2020

#Сага дагы жеңил эмес айрылуу,
Жадыбалдай билем сени жакыным.
Сүрөтүмө төшөйттүрсүң карегиң,
Башкалардан жашырынып акырын.
Унута албай тымызын жеп убайым,
Мүмкүн ичтен ысымымды кайталап.
Мен тураармын көздөрүңдө муңайым...
Деги койчу кайсынысын айталам..
Жарыңан көр жакшылыктын жарыгын.
Унут баарын, оор ойлордон үшүбө.
Жайыңа эле коеюн дейм,жарыгым,
Көп кирип же жадаттымбы түшүнө.
Күндөр өтөөр баары калып унутта,
Экөөбүз да караан үзгөн ай-жылбыз
Сен бир ыйык тумарымдай жоголгон
Мен да өзүнө балалыктай кайрылгыс.
Унут баарын, оор ойлордон үшүбө!!!
#аскароваажар #жандүйнө #

 #Тагдыр бизге баарына өзүңөр, силер күнөөлүсүңөр деп үнсүз кыйкырып жаткан жокпу??Тагдырдын тили болгондо биздин бардык...
06/12/2019

#Тагдыр бизге баарына өзүңөр, силер күнөөлүсүңөр деп үнсүз кыйкырып жаткан жокпу??Тагдырдын тили болгондо биздин бардык күнөөбүздү,анан калса ошого жараша жаза күтөөрүбүздү тили менен какшап айтып бермек. Тагдырдын тили болгондо өзүңөр кылганды өзүңөр мойнуңарга албай жатасыңар. "Менде күнөө жок"деген текеберчилик менен жашап калдыңар деп ызаланмак. Тагдырга,жашоого,мээримсизмин деп өлүмгө өз күнөөлөрүбүздү түртө салып өзүбүз аппак болуп чыга келип жатканыбыз чынында эле тили жок тагдырдын тыбырчылап айтып жаткан текеберчилиги эмеспи...Анда күнөө кимде?? Жашоого келгенибиздин өзү күнөөбү...
#аскароваажар #тагдыр #жашоо @ Грустно Так ,что хочется умереть :(

29/11/2019

Бул ыр сабы бир өзүңө белек болсун.
Жан дүйнөңө кубаныч менен шаттык толсун.
Кааларым чын ден соолук, узак өмүр.
Үй-бүлөөңдө жалаң гана бакыт болсун...Чоооң РАХМАТ 🙂
#Аскароваажар #жур.факта #акындар #көп😀 #менүчүнчоңбелек

 #БАТКАН КҮНДҮ АЯЙМЫН/уландысы/ Үстүртөн карап турган Күн жигити Кудайдын куттуу күнү адамдардын өлгөнүн, кайгырганын, к...
23/11/2019

#БАТКАН КҮНДҮ АЯЙМЫН/уландысы/
Үстүртөн карап турган Күн жигити Кудайдын куттуу күнү адамдардын өлгөнүн, кайгырганын, күлгөнүн, кубанычын,урушуп-талашканын, адилетсиздигин, кайрымсыздыгын, таш боорлугун,каразгөйлүгүн, ыйын, ызысын, бактысыздыгын, бактылуулугун, касташканын, эки жүздүүлүгүн ж.б көрөт. Бирөөнүн жубайы, бирөөнүн баласы, бирөөнүн атасы, бирөөнүн апасы өлүп жатса да өз калыбынан жазбайт. Күн жигит жаркырап чыга берет. Жүрөгүндө сезими тоңгон себеби. Адамдардын кайгысы,жоготуулары менен эсептешпейт. Кайгысы баштан ашып,ыйлап жатышса, Күн күлүп чыкканы үчүн алардан кечирим сурабайт. Өзүн ыңгайсыз да сезбейт. Бир калыбынан жазбайт. Ошол нерсенин барын башка бирөө көрсө чүнчүп кетмектир. Күн андай кылган жок,коркунучу Ай менен кошо кеткен окшобойбу. Туруктуу калыбы менен адамдарды даарылайт тескерисинче. КҮН ӨТКӨН САЙЫН ЖҮРӨКТӨГҮ ЖАРАЛАРДЫ АЙЫКТЫРАТ. КАЙГЫЛАРЫН ЖЕҢИЛДЕТЕТ. БИРОК, УНУТТУРБАЙТ. КҮНҮГӨ ЧЫГЫП, АДАМДАРДЫН ӨМҮРҮН КЫСКАРТАТ.,ӨЛҮМГӨ ЖЕТЕЛЕЙТ.
Күн батаар мезгилге келгенде Күнгө боорум ооруйт. Адамдардын бир күндүк жүгүн артынып алып, акырындан батып кете берет. Бир четинен Ай кызга да жолукпасын билген арманы бар. ЭРТЕҢ МЕНЕН КАЙРА ЭЧ НЕРСЕ БОЛБОГОНДОЙ ТАҢ ЗААРДА ЖАРКЫРАП ЧЫГУУ ТАПШЫРМАСЫ БАР МОЙНУНДА...
#менинкалемим #аскароваажар #батканкүндүаяймын

 #Баткан күндү аяймын...Таң атат,күн батат. Баары өз орду өз нугу менен. Тиричилик токтобойт. Убакыт учкан куш сымал уча...
23/11/2019

#Баткан күндү аяймын...Таң атат,күн батат. Баары өз орду өз нугу менен. Тиричилик токтобойт. Убакыт учкан куш сымал уча берет. Убакыттын жебесине каршы кылып айлансаң дагы убакыт эч токтобойт. Токтотуучу кудурет жок анткени. Дүйнөдө мүнөт сайын,секунд сайын өзгөрүүлөр,окуялар болуп турат. Ушунун барын үстүртөн караган Күн деген жигит бар. Күн жигити өмүр бою жалгыздыкта өмүр өмүр сүрүп келе жатат. Эмнеге? Суроо туулдубу? Анда айтып берейин: Күн жигит жалгыздыкта эмес,дос туугандары менен эле жашачу. Ай аттуу сүйгөнү да бар эле. Күн жигит ушундай жылдыздуу, абдан жарык чачкан өзгөчөлүгү бар эле.,ал эми Ай болсо жарык берчу бирок,Күнчөлүк эмес. Ай менен Күндүн сүйүүсү бекем күчтүү эле. Экөөнүн сүйүүлөрүно баары суктанышчу. Бактылуулук Ай менен Күндөн табылчу. Бактылуу күндөрдүн биринде планеталарды, жалдыздарды, Айды, Күндү чогултуп,Жер Эне жыйын курду. ---Менде адамдар жаныбарлар жашаарын билесиңер. Аларда суу бар,жашай турган жери бар. Бирок алар ушунчалык караңгылыкта жашап жатышат. Күндүзбү, түнүбү айырмасы жок калды. Жарык жок өсүмдүктөр да өспөй, кыскасы абдан кыйналышты. Негизгиси,айтайын дегеним, Жарык чачкан Күн жигитти ошол жакка жиберели. Эртеден кечке Адамдарга жарык, кечинде үйгө келип каласың деп айтты. Күн жигити адегенде макул болгон жок. Ай менен чогуу барам деди. Анда Жер кайрадан кеп салды. -Күн жигит сен күндүзү барасың,а адамдарга түндөсу да жарык керек,түнү Ай барсын дейт. Макул болбошко аргалары жок эле. Аргасыздан экөө тең моюндары жар бербей жатып макулдугун беришти.. себеби ошол күндөн баштап Ай менен Күн эч качан көрүшпөйт эле. Түбөлүк көрүшпөс болушту да ажырашышты. Мына ошон үчүн Күн, Ай ошондон ушуга чейин жапжалгыз(уландысы бар)

Address

Frunze

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ajara_askarova_051 posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category