“Акыл-Battle”-бул командалык, интеллектуалдык оюн. Жеңүүчүлөр белектер менен сыйланат. Оюндун фото жана видео версиясы жергиликтүү телеканалдарга жана интернет барактарына жарыяланат.
Оюндун шарттары:
1. Команданын курамында 5 (беш) адам болушу керек.
2. Ар бир команданын капитаны болушу зарыл.
3. Команданын аты болушу шарт.
4. Ар бир команда оюн башталганга чейин 20 мүнөт мурун келип, ору
н тандап, мүчө акысын төлөп, оюнга даяр турушу керек.
5. Ар бир команда оюнга 500 (беш жүз) сом менен кошулат. Ошондо ар бир оюнчуга 100 сомдон туура келет.
6. Оюнга кечигип келгендер кошула албайт.
7. Оюн учурунда мобилдик телефон, планшет колдонууга болбойт, Wi-Fi өчүрүлөт.
8. Оюн учурунда залда басып жүрүүгө, башка командалар менен сүйлөшүүгө тыюу салынат.
9. Ар бир суроону алып баруучу 2 (эки) сыйрадан түшүнүктүү кылып, шашпай окуп берет. Жооп берүүгө 2 (эки) мүнөт убакыт берилет. Жооп баракча аркылуу жазуу түрүндө гана кабыл алынат жана алып баруучунун жардамчысына берилет.
10. Алып баруучу ар дайым туура.
11. Долбоордун уюштуруучулары туура жана ишенимдүү гана суроолорду викторинага алып чыгат, суроолорго терең маани берилет. Ошон үчүн ал талашып-тартышуу аркылуу эч качан оңдолбойт.
12. Эң көп жоопту туура тапкан команда жеңүүчү деп эсептелет жана аларга уюштуруу тобу тарабынан атайын белектер (китеп, кызыктыруучу сыйлыктар ж.б.) ыйгарылат.
13. Чогулган акча белектерге жана оюндун уюштуруу иштериндеги чыгымдарга жумшалат.
Сунуш-пикирлер болсо биздин ушул баракчабызга жазсаңыз болот.