25/03/2023
Кызыгы көп көрүнчү ушул калаа,
Кызыкчуумун келүүгө бала чакта.
Кызыгына бир күнү кыйынына...,
Күбө болуп жашаймын ушул тапта.
Адашып турмушунан калган жүрөт,
Ар жерде күн кечирип калган түнөп.
Аларга кеп айтууга дарманы жок
Аргасыз сыздап,анан канайт жүрөк...,
Адамдык сапатынан кетип калган,
Апыртып сүйлөгөн көп кеби жалган.
Таныттың тазасын да булганганын,
Таныттың тазаларды булганбаган...,
Сенде күнө жок аны жакшы билем,
Сезбептирмин ал кезде бала белем?
Телегейи тегиз дей көрүнчү эле,
Тууган келсе борбодон ак шым кийген.
Кызыгы арбын азабы кем калбаган,
Кызыктарга байсың ээ борбор калаам,
Канча жанды өзүңө батырдыңкен?
Мен да сени мекендеп сенде калам....,
✍ Эсен уулу Тилек
Атаңгөрү " Шаар" деген шаар экен да...,